Тумонбай Байзаков -100 жыл.
Тумонбай Байзаковдун акындык, чыгармачылык тагдыры абдан кызык, эч кимдикине окшошпогон тагдыр болду десек туура болот го. Биринчиден, Түмөнбай Байзаков акын катары көп жазбаган, аз жазса да, саз жазган акын эле.
Кээлердей жыл сайын бирден китеп чыгарганга умтулбаган, милдеттенме алгансып күн сайын ыр жазбаган ток пейил акын эле. Ошол эле Түмөкенин катарлаштары, курбалдаштары Сүйүнбай Эралиев менен Сооронбай Жусуев жыл сайын болбосо да, эки жылда бирден ыр китебин пландуу түрдө чыгарышса, Түмөке ал жол менен кеткен жок.
Көп жылын атактуу Барпы акындын адабий мурасын топтогонго кетирди. Ушул жагынан алганда Түмөнбай Байзаков Токтогулду Жоомарт Бөкөнбаев кандай кылып көтөрсө, Барпы Алыкуловду так ошондой кылып көтөрдү, сактады жана элге жеткирди. Байзаков болбогондо, анын Барпы акынга болгон астейдил мамилеси болбогондо биз билген классик акын Барпы Алыкулов болот беле же болбойт беле – аны бир кудайдын өзү билет. Түмөкени ушул эмгеги үчүн да кыргыз адабиятынын тарыхына алтын тамга менен жазсак адилеттик болоор эле.
Түмөнбай Байзаковдун чыгармачылыгына түздөн-түз болбосо да, кыйыр таасирин тийгизген бир маанилүү учурду айта кетпесек болбойт го.
Байзаков кадимки Исхак Раззаковдун жакын бажасы эле. Анын зайыбы Софья Султановна Байзакова Исхак Раззаковдун бир тууган балдызы болчу. Бирок Исхак Раззаков кызматынан кеткенден кийин Түмөнбай ага да ачык болбосо да, кыйыр түрдө «кара тизмеде» калып, өмүрү өткөнчө талантына татыктуу наам алган жок, орден же медаль деген нерсе жакасында жаркырабады.
Анын катарындагы Сооронбай Жусуев менен Сүйүнбай Эралиев «Эл акыны» деген наамды 1970-жылдары эле алса, Түмөнбай Байзаков ал тизмеге эч качан кирген жок жана кириши да мүмкүн эмес эле. Анткени бийлик башында ошол Исхак Раззаковдун оппоненти отурган эле. Балким ошол себептен Түмөнбай Байзаков да чыгармаларында өкмөт менен партияны анча деле асман-айга жеткире мактап, наам алганга, сыйлык алганга умтулган жок. Ошол себептен ордендүү, медалдуу, наамдуу курбалдаштарынан бир аз болсо да кичирейгенсип, төмөнүрөөк сезилгенсип жүрдү. Бирок турмушта адилеттик деген нерсе баары бир ордун табат го. Көзү өтөөргө бир жыл калганда Байзаковдун да жылдызы биринчи жолу жаркырап жангандай болду. Анын себеби Кыргызстандын шаарлары менен айылдарын, тоолору менен талааларын түп көтөрө аралаган легендарлуу «Кыргыз жери» деген ыр болду.
Бул атактуу ырдын тексти Түмөнбай Байзаковдуку, ал эми музыкасы Апас Жайнаковдуку эле. Аны обого алып чыккан атактуу ырчы кызыбыз Саламат Садыкова болчу. Тагдырдын тамашасы же тагдырдын илме кайыптыгы деген ушул болсо керек – Түмөке так өмүрүнүн соңку жылында зор ийгилик, массанын оозуна алынган ыр, хит деген эмне болоорун биринчи жолу билди. Биринчи жолу Чыңгыз Айтматовдун Гүлсарысындай даңканын сапыра алдыга көздөй чуркады; популярдуулук жагынан ага ар дайым өйдөсүнүп караган ордендүү, наамдуу калемдештеринен алдыга озду.
Ырас, адабият деген нерсени спорттук термин же түшүнүктөр менен баалаган эч туура эмес. Бирок Түмөнбай Байзаковдун өлөөр алдындагы чыгармачыл ийгилиги чынында да кубана турган ийгилик эле. Анткени анын ыры – кыргыз элинин маанайын көтөрүп, демине керектүү кезде дем кошкон ыр болду.
«Кыргыз жери» кеминде он беш жыл бою жаңы мамлекет түптөп, анын азабы менен тозогун тартып аткан кыргыз эли үчүн өзүнчө эле бир гимн болду. Кудайдын буйругу менен ошол ырдын биринчи бет ачарында дал Түмөнбай Байзаков өзү да катышып, чекеси нымшып кубанып, Филармониянын чоң залында аты зор сыймык менен аталды. Тилекке каршы, бул кубаныч кечигип келген кубаныч болду. Арадан бир жыл өтпөй кайран Түмөке арабыздан узады.
Азаттык үналгысы © 2023 RFE
Первоисточник: Международный союз писателей
Mustafa Müseyiboğlu adına kitabxana
YAZARLAR.AZ
===============================================
<<<< WWW.YAZARLAR.AZ və WWW.USTAC.AZ >>>>
Əlaqə: Tel: (+994) 70-390-39-93 E-mail: zauryazar@mail.ru