Надырбекова Малимбу -ТЕРМЕЛУУ

ТЕРМЕЛУУ

Суу бойлоп баскан издерин,
Сулуусу белең кумардын.
Жылмая тиктеп тагдырга,
Ээси бир сенсин тумардын.

Тергенсин түрдүү гүлдөрдү,
Сүйгөнгө тандап жетпеген.
Сулууга арнайм деп терип,
Гулзаарды өзүн тепсеген.

Сүйбөгөн жанга жармашып,
Сүйуунду сурап томсоргон.
Сумсая карап,каш кагып,
Каш керип,моюн толгогон.

Термелип,баскан жан элең,
Теңсинбей көптү кыйнаган.
Теңирим жалгап сага да,
Турмуштан сени кыйнаган.

Далай жолу сен деле,
Кайгы-муңга болондун.
Чын сүйүүсүз турмушту,
Кыйналып жашап келесиң.

Автор: НАДЫРБЕКОВА МАЛИМБУ

“АКТАЛ” адабий чыгармачылык бирикмесинин мүчөсү.

Токтогул району

Mustafa Müseyiboğlu adına kitabxana

“ƏDƏBİ OVQAT” JURNALI PDF

“YAZARLAR”  JURNALI PDF

“ULDUZ” JURNALI PDF

“XƏZAN”JURNALI PDF

WWW.KİTABEVİM.AZ

YAZARLAR.AZ
===============================================

<<<< WWW.YAZARLAR.AZ və  WWW.USTAC.AZ >>>> 

Əlaqə: Tel: (+994) 70-390-39-93   E-mail: zauryazar@mail.ru

Bir cavab yazın

Sizin e-poçt ünvanınız dərc edilməyəcəkdir. Gərəkli sahələr * ilə işarələnmişdir