
СЕЗИМДЕГИ АДАМ
Жаш өтсө да ак эмгектен талбаган,
Жан дүйнөңүз, эргүү менен арбалган.
Сиз керексиз бул жашоонун чегинде,
Жан дүйнөңүз эргий берсин оболоп.
Жылдар өтүп, айлар өтүп өлчөмсуз,
Тынчсызданып талдоонузду жай кылып.
Сыноолордун сынына да сынбастан,
Бул ааламды жүрүңүзчу бар кылып.
Дагы деле жан дүйнөңүз жаш экен,
Чөккөн көңүл жашооңузда жок болсун.
Кыйынчылык, тоскоолдуктар болсо да,
Көңүлүңүз жайкалган шибер гүл болсун.
Жаракорсуз жан сырынызды айтпаган,
Көңүл эргип, жүрөк согуп турса да.
Кош көңүлгө салып,аны койосуз,
Эргуулорунуз тынчсызданып турса да.
Автор: НАДЫРБЕКОВА МАЛИМБУ
“АКТАЛ”адабий чыгармачылык бирикмесинин мүчөсү
Токтогул району.
Mustafa Müseyiboğlu adına kitabxana
YAZARLAR.AZ
===============================================
<<<< WWW.YAZARLAR.AZ və WWW.USTAC.AZ >>>>
Əlaqə: Tel: (+994) 70-390-39-93 E-mail: zauryazar@mail.ru