
СЕЗИМ
Жылытып журогумду сезим менен,
Жалооруп жаштыгымды
коштоп келем.
Арадан көп убакыт өтсө дагы.
Адашпай ар күн сайын издеп келем.
Чиркин ай түгөнбөду таттуу сезим,
Кантейин тагдырымдын жазганыбы.
Жазымыш тагдырыма таарынсам да,
Ал келбейт таарынчымды жазганына.
Чыдабайм сагынычтар күчөп барат,
Чебелектеп күтө берем күндө сени.
Сага окшогон караандарды көрө калсам,
Кайсалактап бушайманга түшүп кетем
Токтогул району.
Автор: НАДЫРБЕКОВА МАЛИМБУ
Mustafa Müseyiboğlu adına kitabxana
YAZARLAR.AZ
===============================================
<<<< WWW.YAZARLAR.AZ və WWW.USTAC.AZ >>>>
Əlaqə: Tel: (+994) 70-390-39-93 E-mail: zauryazar@mail.ru