
АЛЫКУЛ
Алыкулдун ырларын сыйлап келем,
Ар саптарын окуп, ыргап келем.
Ысык көлдү даңктаган ырларында,
Жүргөндөй кошо жазып жыргап келем.
Аттиң ай лирик акын бул замандын,
Аз жашап өткөн экен бул заманда
Калтыраган экинчи өмүр ырларын,
Көрсөм дейм, көл жээктеп жүргөнүндө.
Алыкулдун ырлары акак таштай тизилген,
Окуганда ыр саптары кыналышып биригет.
Каарманына айланып, ой санаамда бир жүрүп,
Ырларында ошол каарман тирилет.
“Сен ооруба, мен ооруюн Ата-журт”,
Өз мекенин ыйык туткан ыйык кут.
Даңктап өткөн ырларында,
Ата Мекен, эли жериң баалап күт.
Автор: НАДЫРБЕКОВА МАЛИМБУ
“АКТАЛ”адабий чыгармачылык бирикмесинин мүчөсү
Токтогул району.
Mustafa Müseyiboğlu adına kitabxana
YAZARLAR.AZ
===============================================
<<<< WWW.YAZARLAR.AZ və WWW.USTAC.AZ >>>>
Əlaqə: Tel: (+994) 70-390-39-93 E-mail: zauryazar@mail.ru