Надырбекова Малимбу: ТАГДЫРЫМА ТААРЫНБАЙМ.

ТАГДЫРЫМА ТААРЫНБАЙМ.

Ошентип ал адамдын жолу башка, менин жолум башка болуп айрылыштык. Махабаттын баа жеткис ирмемдерин бирден терсем да чогулталбай калдым.Ойлорумдун учугун издеп толгоно берем. Күн жылып ай өтөт, ай жылып күн өтөт демекчи, болбогон ойлор менен алпурушуп жүрө бердим. Билинбей убакыт өтө берет экен. Жаман адам таарынчысын элге жаят болуп, кимге айтам таарынычымды. Ким келет мага таарынычымды жазганга, эч ким келбейт. Кайра шылдыңдап, табалап артыңдан сөз кылып, жерден алып көргө чаап, көрдөн алып жерге чаап сөз кылышат эмеспи.
Ошентип мага дагы жуучулар келе баштады. Мен окуйм , жигитим бар деп журуп, кийинчерек мен дагы турмушка чыктым. Турмушум жакшы кудайга шугур. Куйоом оюм менен ой, боюм менен бой болот. Кыргызда сонун лакаб бар “Озумду озум билем, отугумду торго илем” -деген, так ошонун озу мен болдум. Эмнеси болсо дагы озумчо оокатымды откоруп калдым. Мен дагы тагдырыма баш ийип “Кудай кылса, кубарындын куу чокусу барбы “-дегендей болуп калды. Ошентип аны кайра жасап ала албай калдым. Отконду эстеп окунбө дегендей, мандайыма жазылган турмуш деле жаман эмес. Мен кыйынмын дегендерден кем эмесмин. Айылда жашайбыз, туйшугум коп. Жумуш үй тиргилиги, болуп эле кол бошобойт. Сыйлоо менен суйуунун ортосунда айрыма коп. Мен аны жакшы тушуном, бирок конулдө калган таза сезимдерди унутуш кыйын экен. Эх чиркин бири кем дуйно – деп ушуну айтат турбайбы. Чын суйуу эч очпойт. Сакталып жургон журогумдун кутучасындагы сырлар ачыла баштады.Кайра жалындап куйуп, мени жалынына жылыта баштады. Ал жалын мени куйгузуп буткон да. Кайра эмне тутанып куйо баштады? Кайрадан делебем козголуп, баягы жаштыгым эсиме тушуп, эмнеге кайра артыма кетем темтеңдеп. Мен жаш убагымдагы откоргон кундорумду эч нерсеге тен кетире албайм, ал мени менен калат. Ал сезимди сыйлайм, ал өмүрүм өткүчө мени менен болот.Таза сезимди тагдырым өзү энчилеп берген, ошон учун ага эч ким үстөмдүк кыла албайт. Эч убакта өзүмө келген тагдырымдын ырыскысын тээп, ыргыта албайм.

Ал мен үчүн жогорку тепкичтеги мени кармап турган күч. Акыры эле бара турган жерибиз тиги дүйнөдөгү акыреттик жай. Жараткан аманатын кечинен берип, акыреттик жайга таза барсам дейм. Капырай, тагдырым таалайыма эмне учун ушундайча жазды экен? Түндү үкүнүн уйкусундай өткөрөм, жазмыш тагдырым талкаланып бүтсө болмок. Жолдош жоролорум көп, бирге иштешкен курбуларым бар. Ошентип тенирим жалгап унута баштадым. Мен дүйнөдө бактылуумун, коноктор көп, барганына барам, колум бошоп калса . Жолдошум тим эле сонун ,өзү кызматкер сыйдын үстүндө сыйлуу адамбыз, балдарым кызым бар, бизге кызыккан адамдар көп.
Женилимди жерден, оорумду колдон алган жолдошум бар. Ак саргылынан келген, жузунон жылдызы тогулгон адам. Акылы бышык кыска, нуска сүйлөгөн,орто бойлуу келген жүрөктөш адамым. Айылдын эли сыйлаган сыймыктуу адам.
Мен бул адам менен жашаганыма өтө сыймыктанам. Экообуз балдарыбызды колунан жетелеп, бир жерин кир кылбай багып чоңойттук. Менин жан биргем мени ушунчалык жакшы корот, оюм менен ой болот. Мен өзүмдү ак куудай сезет элем, анын жанында жүргөндө. Учуп аны айланып бийлеп жүргөндөй сезем өзүмдү. Кудай маңдайыма ушундай жакшы адамды жазып койгонуна шүгүр кылам. Тенирим жалгап, тең келтирип койгонуна ыраазымын. Жакшы санаалаш жан биргемден , жакшы куюлушкан акыл сөздөр айтылып , аргымак минип үстүндө бийлеп жүргөндөй сезилет. Жакшы адамдан жакшы гана сөздөр чыгат. Ар түрдүү себеп менен капа болуп турсада, эч убакта оозунан жаман сөз чыкчу эмес.
Кайра кулуп жайнап балдарын эркелетип, жонунан тушурбойт. Мага чексиз сыйын жана суйуусун арнайт. Мен тенириме тегеренип таазим кылам. Жаш кезимдеги суйуум жон эле жомок боюнча калды. Азыркы жашоомо ал сүйүү тең келбейт, азыркы жашоомдун бир эле көзгө көрүнбөгөн кичинекей буртукчосу болуп калды. Жашоомдо жакшылык көп,ченеп ченим жетпейт. Кудай тилимди жазыктуу кылбасын, баардыгы сонун. Конокторго барсак бүт маданияттуу, адамга болгон мамилеси менен, сүйлөгөн сөздөрү менен айырмаланат.Достор менен, иштешкен жакшы санаалаш адамдар менен болобуз. Ошентип жүрүп жыл өтүп балдарыбыз чоңоюп, өз ордун табышты. Экообуз пенсияга ,чыктык. Пенсиянын үзүрүн жакшы эле көрдүк .Оюм менен ой болуп жүрүп, капыстан эле бир күнү мени таштап узап кетти. Акыреттин таза күндөрүндө жашаса болду. Бейишке чыкса экен, жаткан жери жумшак, жайлуу болсо экен деп тилеп аны эстеген сайын карегиме кылгырып ысык жаш толот.

Озум болсо ыйлайм баскан турган жерин коруп, журогум сыздап ,тулку боюм тенселип ,кай жакка барып урунарымды билбейм. Озу жыйынчактуу адам болчу, таза жургон турганы, кармаган буюмдарын карасан орду менен. Бир нерсе издеп ал койгон буюмдарын ичинен карасам тим эле тизип салыптыр мен издеген буюмду тез эле таап алдым. Анын кармаган буюмун көрүп көз алдымда тартыла тушту чалым. Каттуу кыйкырып эле ыйлап жибердим атын атап. Копко олтурам ыйлап кошуналар келишет, аркы беркини айтып сооротуп кетишет. Мурзосуно барам айтып арыз мунумду чалыма, сага эмне болду эртелеп менден кетип, карааныңды көрө албай кыйналдым кантейин, сен мени аяшын керек эле, мындай жаман жорукту баштабашын керек эле деп. Ошентип эптеп эсиме келип зорго үйгө келем. Эмнесин айтайын, эптеп көтөрүп кеттим. Кирип чыккан карааны, мен үчүн аска тоодой бел эле, сүйлөгөнү мага акылыма акыл кошчу эле, кылган ишинен күч кубат алчуу элем, кантейин өтө кыйналам. Менин карегиме кадалган, жүрөгүмө түйүлгөн адамымды экинчи дүйнөгө узатып, азапты тартып калдым. Эркектин орду толушу өтө кыйын. Чалымдын орду чоң экенин эми билдим. Арманым жок, ордун баса турган балдары, кыздары бар. Кудайга шугур, ушулар аман болушсун. Бардыгы өз тиричилиги менен үйлүү- жайлуу. Ушул балдарыма тээк болуп аманат жаштын кечинен берип, балдарымды кыйнабай, озум дагы кыйналбай , жүгүрүп жүрүп мүдүрүлүп кетсем болду деп тилейм тениримден.

Автор: НАДЫРБЕКОВА МАЛИМБУ

FİRUZ MUSTAFANIN YAZILARI

>>>SATIŞDA OLAN KİTABLAR


Aşıq Qurban: -“Pərdəli gəzməyən nəzərə gələr.”

Mustafa Müseyiboğlu adına kitabxana

ZAUR  USTACIN  YAZILARI

> > > > MÜTLƏQ OXUYUN !!!

“ƏDƏBİ OVQAT” JURNALI PDF

“YAZARLAR”  JURNALI PDF

“XƏZAN” JURNALI PDF

WWW.BİTİK.AZ

YAZARLAR.AZ
===============================================

<<<< WWW.YAZARLAR.AZ və  WWW.USTAC.AZ >>>> 

Əlaqə: Tel: (+994) 70-390-39-93   E-mail: zauryazar@mail.ru

Bir cavab yazın

Sizin e-poçt ünvanınız dərc edilməyəcəkdir. Gərəkli sahələr * ilə işarələnmişdir